Ссылки доступа

Украинадан эвакуацияланган Европадагы тажикстандыктар үйлөрүнө кайтуу үчүн чартердик каттамдарды күтүүдө


Украинадан Польшага барган качкындар

Тажикстандын Киевдеги элчилиги Украинадан Польшага 2033, Молдовага 210 жана Словакияга 43 тажик жараны эвакуацияланганын билдирди.

Маалыматка караганда, учурда эвакуацияланган тажикстандыктар Польшадагы жана Германиядагы убактылуу лагерлерде жашап жатышат. Алардын ичинен Украинада туруктуу жашоого укугу барлары гана Европа өлкөлөрүндө бир жылга калып, иштесе болот. Украинанын аймагында убактылуу иштөөгө берилген уруксат менен жүргөндөр Тажикстанга кайтышы керек.

Киевдеги ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеген Жумахон аттуу тажикстандык мигрант Украинадан 15-мартта чыгып кеткен. Азыр ал Тажикстанга уюштурула турган каттамды күтүүдө. "Бул жерде азыр 140ка жакын тажикстандык барбыз. Бизди алып кетүү үчүн каттам качан уюштурулары белгисиз. Үйгө кайтышыбыз үчүн бизге мөөнөт берилген, ошондуктан бул жерде узак убакыт кала албайбыз", - деди ал.

Тажикстандын Германиядагы элчилиги тажик жарандарын мекенине жеткирүү үчүн каттам уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Тажикстандын Киевдеги элчилигинин маалыматына караганда, Украинада туруктуу жашоого жана иштөөгө укугу бар тажикстандыктардын көбү Европада калууну чечишкен.

11-12-март күндөрү Украинадан эвакуацияланган 300дөн ашык тажик жараны Польшадан чартердик каттамдар менен Тажикстанга жеткирилген.

Видео

XS
SM
MD
LG