Президент "кыска аралык" канча экенин так айткан жок.
Мирзиёев соңку 5 жылда 25 миллиард доллар инвестиция жасалганын, жакырчылыкты жоюу – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп калганын кошумалады.
Өзбекстанда аз камсыз үй-бүлөлөрдү жана жумушсуздарды колдоо максатында "Темир дептер", "Жаштар дептери", "Аялдар дептери" деген программалар иштелип чыккан.
Бирок жарандар бул сыяктуу программалар кыска мөөнөттүү иш алып барарын, көптөгөн үй-бүлөлөр бир жолку материалдык көмөктөн башка жардам ала албай жатканын белгилешүүдө.
Бул арада аталган программалардын алкагында жеңилдетилген насыя алып, стартап-бизнес баштагандар да бар. Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылы августта "Темир дептерге" 409 миң үй-бүлө киргизилген.
Бул тизмедеги үй-бүлөлөр бир жолку материалдык жардам жана азык-түлүк, бизнес ачуу үчүн жеңилдетилген насыяларды алышкан. Жакыр үй-бүлөлөргө жөжөлөр таратылган. Үй кожойкелери меш жана кийим тигүү машинелери менен камсыздалган.
Бир жылга жетпеген убакытта "Темир дептерге" киргизилген үй-бүлөлөр андан кайра чыгарылган. Экономисттер муну бюджеттен бөлүнгөн каражат максаттуу болбогону, банктар күрөөсүз берилген насыяларды жаба албай калганы менен түшүндүрүшүүдө.