Эвакуациялангандардын арасында 42 аял, 12 бала жана 2 ымыркай бар.
28-февралдан 24-мартка чейин жалпысынан 27 авиакаттам жасалып, согуш жүрүп жаткан аймактан 6030 өзбекстандык чыгарылды.
Убактылуу Львов шаарында жайгашкан Өзбекстандын Украинадагы элчилиги Польша элчилиги менен дайыма байланышта экенин жана эвакуация иштерин бирге алып барып жатканын белгиледи.
17-мартка карата Украинада 300дөй өзбекстандык жаран калганы жана коопсуздук маселелеринен улам аларды чыгарып кетүү мүмкүн болбой жатканы айтылган.