Ссылки доступа

Тажикстанда тогуз жылга соттолгон укук коргоочуга жаңы айып тагылды


Иззат Амон. Архив сүрөт
Иззат Амон. Архив сүрөт

Тажикстанда тогуз жылга соттолгон укук коргоочу Иззат Амонго жаңы айып тагылды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу анын адвокаты Саидбурхон Шарифовго шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Амонго каршы Бохтар шаарынын тургуну Нурулло Вохидов арыз жазган. Ал укук коргоочу 10 миң доллар карызга алып, кайтарып бербей жатканына даттанган.

"Амон карызынын калган 4 миң долларын Вохидовдун Украинада жүргөн аялына бергенин айтып жатат. Ал жакта согуш башталгандан бери аны менен байланыштуу мүмкүн болбой жатат. Вахидов карызынын бир бөлүгү катары Амондон 6 миң долларлык автоунаа алганын, аялы калган 4 миң долларды алганын четке кагып жатканын айтууда", - деди адвокат.

Журналисттер Нурулло Вохидовдун өзү менен же анын жакындары менен байланыша алышкан эмес. Буга чейин ал YouTube сайтына жарыяланган билдирүүсүндө Амон ага 10 миң доллар карызын кайтарып бере электигин айткан.

Буга чейин "Озоди" радиосунун Тажикстан Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгындагы өз булагы Иззат Амонго каршы "Ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен жаңы кылмыш иши козголгонун ырастаган.

"Кылмыш иши Бохтар шаарынын тургуну Нурулло Вохидовдун арызынын негизинде козголгон. Амон колониядан тергөө абагына которулду", - деген булак.

Иззат Амондун жакындары жаңы кылмыш ишин жасалмаланган деп эсептеп жатышат. "Биз Иззатка каршы буга чейин доо арыз жазган адамга чыгымды төлөп бергенден кийин Нурулло Вохидов арыз жазып жатат. 2010-жылы уулум анын Тажикстандагы туугандарына 6 миң долларлык "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунааны берген. Калган 4 миң долларын анын Москвада жашаган аялына берип, карыздан толук кутулган", - деди Амондун апасы Ашурбиби Холова.

Душанбе шаардык соту 2021-жылы октябрда укук коргоочу, Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амонду тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы мартта анын орус жарандыгы жокко чыгарылып, Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келишет.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

XS
SM
MD
LG