"Дүйнөдө жаралган кырдаалга байланыштуу министрлик бир нече сценарийди карап жатат жана ар бирине даярданууда", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Министрликтин билдирүүсү Москвага карата Батыштын санкциялары күчөгөн маалда жарыяланды. Бейшембиде АКШ менен Улуу Британиянын санкциясына "Сбербанктын" төрагасы Герман Греф да илингени маалым болгон.
Былтыр сентябрда Казакстан өкмөтү орусиялык "Сбер" компаниялар тобу менен Казакстандын санариптик өкмөтүнө арналган платформа түзүү жөнүндө меморандумга кол койгон.
Меморандум казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилешкен.