Ссылки доступа

Гурбангулы Бердымухамедов уулунун уруксаты менен эмгек өргүүгө чыгат


Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жакында гана мамлекет башчы болуп шайланган уулу Сердардан 1-апрелден тартып эмгек өргүүгө жиберүүнү сурады.

“Бүгүнкү Түркмөнстан” мамлекеттик агенттиги билдиргендей, “Аркадаг” Гурбангулы Бердымухамедов 25-мартта өкмөттүн жыйынынан кийин эмгек өргүүгө чыгуу боюнча уулуна жеке кайрылган.

“Өзүңүз билгендей, 40 жылдан бери жетекчилик кызматта иштейм, 25 жылдан бери саясат менен алектенем. Жумуштун көптүгүнө байланыштуу бул убакыт аралыгында толук кандуу эс ала алган эмесмин”, – деп айткан Бердымухамедов.

Бердымухамедов эмгек өргүү учурунда жаңы китебин жазып бүтөрүн, Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын парламенттер аралык форумун жана башка эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрөрүн билдирген.

Сердар Бердымухамедов атасынын өтүнүчүн канааттандырган. Эмгек өргүү канчага созулары айтылган эмес.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 12-марттагы президенттик шайлоодо добуштардын 73 пайызга чукулун алганын жарыялаган. Шайлоого эл аралык байкоочулар катышкан эмес.

Түркмөн оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар шайлоодо демократиялык стандарттар сакталбаганын, бюллетендерди топ-тобу менен салуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

The Economist журналынын демократия индексинде Түркмөнстан бардык өлкөрдүн арасынан акыркы орунда турат.

XS
SM
MD
LG