Ссылки доступа

Кыргызстан менен Казакстан чек арада жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов эки өлкөнүн чек арасынын жүктөрдү өткөрүүнүн абалын талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, видео байланыш аркылуу сүйлөшүүдө быйыл январдагы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу тобу кабыл алган протоколдун аткарылышы талкууланды. Анын жыйынтыгында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылды.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалар топтолгон учурлар буга чейин бир нече жолу болгон эле. Расмий бийлик мунун себеби катары айрым айдоочулар тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барганын аташса, жүк ташыгандар казак тараптан бут тосуу бар экенин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG