Ссылки доступа

Алишер Усманов карындаштарынын жардамы менен швейцариялык эсептерге жана Италиядагы виллаларга ээлик кылган


Орусиялык олигарх Алишер Усманов туугандары аркылуу Италиядан беш вилла сатып алып, Швейцариядан 27 эсеп ачкан.

Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) британиялык The Guardian басылмасы менен бирге USM холдингинин негиздөөчүсү Алишер Усманов жөнүндө иликтөөсүн жарыялады.

Иликтөөчүлөр олигарх туугандары жана алар менен байланышы бар компаниялар аркылуу Италиянын Сардиния аралындагы Коста-Смеральданын жээгинде беш виллага ээлик кыларын аныкташкан.

Усмановдун эң кымбат вилласы карындашы Гүлбахор Исмаиловага жазылган. Усмановдун Бермуд аралында катталган Pauillac Property Ltd компаниясы да Исамилованын наамында.

Гүлбахордун дагы эки вилласы бар. Калган виллалар италиялык Delemar SRL менен Punta Capaccia компанияларына карайт, бирок алар Pauillac Property компаниясынын курамына кирет.

Усмановдун башка бир карындашы Саодат Нурзиеванын атынан швейцариялык банктарда 27 эсеп ачылган. Алардын көбү USM Holdings менен байланышта. 2011-жылы бул эсептердин биринде 2,1 миллион доллардан көп каражат болгон. Швейцарияда Гүлбахор Исмаилованын да банктык эсептери бар.

2012-жылы Усманов Нурзиевага “белек” иретинде үч миллион доллар жөнөткөн. Беш айдан кийин ал агасына эки жолу 100 миң доллардан которгон. Ал бул каражаттын калган бөлүгүн – 2,5 миллион долларды Бириккен Араб Эмираттарындагы болот куюучу компаниянын директору Шохрух Насирхожаевге которгон.

2017-жылы үч ай аралында Усманов өзүнө алты жолу 190 миллион доллар которгон. Операциялар жеке эсеп жана олигархтын көзөмөлүндөгү офшордук уюмдар аркылуу ишке ашкан.

Буга чейин Евробиримдик Орусиянын Украинадагы агрессиясы үчүн орус олигархтарына жеке санкция салган. “Кара тизмеге” Николай Токарев, Алишер Усманов, Игорь Сечин (“Роснефть”), Геннадий Тимченко (Volga Group) кирген.

XS
SM
MD
LG