Ссылки доступа

Өзбекстан Европага товарларды бажы төлөмдөрүсүз экспорттоо боюнча Орусияга убада берген эмес


Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги орус товарларын Европага бажы төлөмдөрүсүз өткөрүү үчүн Москвага кайрылбаганын билдирди. Министрликтин билдирүүсүндө орусиялык ЖМКлар тараткан маалымат негизсиз экени айтылат.

Буга чейин бийликчил "РИА Новости" агенттиги Өзбекстандын Чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча агенттигинин директору Улугбек Касимхожаевге шилтеме берүү менен Ташкент Москвага орус товарларын экспортоо үчүн бажы төлөмдөрүсүз коридор сунуштаганын жазган.

Агенттиктин билдиришинче, Касымхожаев Өзбекстан Европа менен соода алакада ЕБнын "GSP+" преференцияларынын кеңейтилген системасына ээ экенин, Москва өз продукцияларын Европага жеткирүүдө бул артыкчылыктан пайдаланса болорун айткан.

"Инвестиция жана тышкы соода министрлиги системасында жакында эле иштеп баштаган У. Касымхожаев "РИА Новости" басылмасынын журналистинин суроосуна комментарий берип жатканда "GSP+" системасынын жеңилдиктери жана преференциялары кантип колдонулары жана практикалык аспектилери жөнүндө толук кандуу маалыматы болгон эмес. Ал бул тармакта тиешелүү деңгээлде компетенттүү эмес жана бул темада билдирүү жасоого укугу жок", - деп билдирди министрлик.

Буга байланыштуу министрлик Касымхожаевдин билдирүүсү Өзбекстандын расмий позициясы эмес экенин белгиледи.

2021-жылы Өзбекстан Европа Биримдигинин GSP+ системасына кошулган. Бул система аркылуу Өзбекстан Европага 3 000 аталыштагы продукцияны бажы төлөмсүз, дагы 3 200 продукцияны жеңилдетилген бажы төлөмү менен экспорттой алат.

24-февралда Орусия Украинага согуш жарыялагандан кийин эл аралык коомчулук, анын ичинде көптөгөн Батыш өлкөлөрү Москва менен экономикалык жана саясий ымаласын үзгөн. Батыш Орусияга көптөгөн санкцияларды салган. Натыйжада Орусиянын импорт жана экспорт мүмкүнчүлүгү чектелген.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG