Ссылки доступа

Эрдоган Өзбекстанга расмий сапар менен келет


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 29-30-мартта расмий сапар менен Өзбекстанга келет.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Эрдоганды Ташкентке өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев чакырган.

"Сапардын алкагында жогорку даражалуу конок Жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк боюнча өзбек-түрк кеңешинин экинчи жыйынына катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу ынак мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, эки өлкө ортосунда көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган.

Соода-инвестициялык, инновациялык, өндүрүш, логистика, туризм жана башка багыттардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалат.

Сүйлөшүү маалында Мирзиёев менен Эрдоган эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Видео

XS
SM
MD
LG