Басылманын маалыматына караганда, Казыбаев 10 жылдан ашык убакыт курамына Tengrinews.kz, Vesti.kz, Massaget.kz маалымат агенттиктери, "Жұлдыз FM", "Ретро FM Казахстан" радиолору, СТВ телеканалы кирген медиахолдингди башкарган. "Жетинчи каналды" түзүүгө жана The Spirit of Tengri этникалык музыка фестивалынын ачууга көмөк көрсөткөн.
Казакстандын жетекчилиги маркумдун туугандарына көңүл айтты. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Батыр Казыбаевдин апасына телеграмма жолдоду.
Батыр Казыбаев — белгилүү казак жазуучусу Какимжан Казыбаевдин уулу.