Буга чейин радионун алып баруучусу социалдык түйүндөрдө Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясын айыптагандарга карата одоно пикирлерди жазып, "дядя Вованы" жардамга чакыра турганын айткан. Айрым казакстандык интернет колдонуучулар Панованын бул билдирүүсүн Украинага согуш ачуу тууралуу буйрук берген Орусиянын президентине кайрылуу катары баалашкан.
Любовь Панова иштеген "Европа плюс Казакстан" радиостанциясы кызматкеринин соцтармактардагы жеке аккаунту аркылуу жасаган билдирүүсүнүн "радионун саясаты менен эч кандай байланышы жок экенин" белгилеп, "алып баруучу менен эмгек келишими токтотулганын" билдирди.
Алматы полициясы кылмыш иши "Улут аралык кастыкты козутуу" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынганын кабарлады.
28-мартта Казакстандын Башкы прокуратурасы "улут аралык кастыкты козутуу", "башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышууга чакырык жасоо", "андай кагылышууларга катышуу" жана "Казакстандын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоо" үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.