Кармалган багбандын жубайы Фариштамо Каримованын айтымында, күйөөсү 25-мартта райондук милиция бөлүмүнө чакырылып, мыйзамсыз жер сатуу айыбы менен камакка алынган. "Күйөөм менен кошо уулумду да кармашкан, бирок аны эртеси кое беришти. Бүгүн эртең менен баламды кайра суракка чакырышты", - деди Каримова 28-мартта.
Балжуван райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Хабиб Жумазода "Давронов жер тилкесине байланышкан мыйзамсыз аракеттерден улам суракка алынып жатканын, анын уулу кармалбаганын" билдирди.
Буга чейин Саидмумин Давронов акимдин орун басары Хасан Иброхимзоданын чечими менен анын эки гектар жерин мыйзамсыз тартып алышканын айтып чыккан.
"Биз ал жерге мыйзамдуу түрдө 5 миң түп бак тиккенбиз, бардык керектүү документтерибиз бар. Бирок Хасан Иброхимзода жерди башка адамга берүү буйругун чыгарды. Буга чейин менин бакчамды жок кылууга да аракет кылышкан. Белгисиз адамдар түшүм бере баштаган 70 бакты кыйып салышкан", - деген ал.
Давроновдун жана башка бир нече жергиликтүү тургундун даттануусунан кийин 2021-жылы декабрда Иброхимзода район башчысынын орун басары кызматынан алынган.
"Озоди" радиосу жергиликтүү акимчиликтеги өз булагына таянып, Иброхимзода президент Эмомали Рахмондун жеке көрсөтмөсү менен жумуштан четтетилгенин кабарлаган. Азырынча анын эмнеге иштен алынганы расмий айтыла элек. Экс-аткаминер өзү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.