Маалыматка караганда, мындан ары аялдар менен кыздар Кабулдагы оюн-зоок борборлоруна жекшембиден шейшембиге чейин гана бара алышат. Бул жайлар эркектер жана балдар үчүн шаршембиден ишембиге чейин ачык болот. Министрлик жарыялаган жадыбалда үй-бүлөлөргө эч кандай жеңилдик каралган эмес.
Талиб өкмөтүнүн бул чечими Ооганстанда аялдар менен кыздардын укугу чектелип жатканы тууралуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.
23-мартта талибдер 6-класстан жогорку окуучу кыздарга мектепке барууга тыюу салган чечимин кеңейткен. Натыйжада Ооганстанда 1 миллион ашык кыз окууга бара албай калган. Аны улай Кабулда мугалимдер, окуучулар жана аялдардын укугун коргогон активисттер митингге чыгышкан.
Буга чейин талибдер жети айдан бери жабык турган мектептерди 23-марттан тарта ачып, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө убада берген болчу.