Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Жаңы дайындоо боюнча башка маалымат айтыла элек.
45 жаштагы Берик Уали 2019-жылы мартта мурдагы президент Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенин жарыялап, анын ордуна Касым-Жомарт Токаев келгенде басма сөз катчы болуп дайындалган. Ага чейин ал Жамбыл облустук акимчилигинин ички саясат бөлүмүнүн башчысы болгон. Мурда "31-канал", НТК, "Таң" жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген.