- Айтылган ар бир сөздү өз-өзүнчө кароо керек жана деңгээлине жараша жооп берүү зарыл. Маселен, буга чейин Зюгановдун айткандарына (Орусия мамлекеттик думасынын депутаты – ред.) биздин депутаттар өз баасын берди. Ал эми бул билдирүү Москва шаардык кеңешинин депутатыныкы. Ага биздин саясатчылар, блогерлер жана эксперттер жооп бериши керек. Денацификация деген эмне экенин, бизде ошондой жараян барбы карашыбыз керек. Менимче, мындай жок. Балким бул чагым, – деди Тлеуберди.
ТИМ башчысынын айтымында, федералдык деңгээлдеги билдирүү болсо, реакция жасалмак.
Бир нече күн мурун Савостьяновдун Балтия, Польша, Молдова жана Казакстанды "денацификациялоо жана демилитаризациялоо" зонасына киргизүү жөнүндө айтканы соцтармактарда тараган.
Москва "денацификация" жана "демилитаризация" терминдерин 24-февралда Украина аймагына өз аскерлерин киргизгенде колдонгон. Орусия коңшу мамлекеттеги согушту "денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция" деп атаган.
Казакстан Орусиянын жакынкы өнөктөшү катары расмий түрдө Москванын аракетин колдогон да, айыптаган да эмес. "Атайын операция" башталгандан бир жума өткөндөн кийин Касым-Жомарт Токаев тараптарды компромисс издөөгө чакырган.
Украинада согуш башталганган чейин москвалык саясатчылар Казакстандын дарегине карата аймактык дооматтарын билдирип, өлкөдө "русофобия" бар экенин айтып келишкен. Алардын көбүнө Нур-Султан комментарий берген эмес. 2020-жылы декабрда гана Мамдума депутаты Вячеслав Никонов Казакстандын түндүк облустары "орус элинин белеги" деп айтканда гана Казакстан Москвага нота жөнөтүп, бирок ал жоопсуз калган.