Ссылки доступа

Орусия Коргоо министрлиги Киевде "активдүүлүгүн" кыскартканын билдирди


Ирпень шаары
Ирпень шаары

Орус армиясы Киев жана Чернигов шаарларында “аскердик активдүүлүгүн кескин кыскартуу” чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 29-мартта ТАСС агенттиги Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге шилтеме берүү менен билдирди.

Аскердик активдүүлүктү кыскартуу жөнүндө билдирүү жаатташкан тараптардын Стамбулдагы жолугушуусунан кийин жасалды. Фомин – орус делегациясынын мүчөсү. Орусия тараптын өкүлү Владимир Мединский Москва чыңалууну жоюу үчүн “эки кадам жасап жатканын” билдирди.

Анын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу тараткан билдирүүдө Украинадагы аскердик операциянын биринчи баскычынын негизги максаттары ишке ашканы маалымдалган. Ал Орусия украин армиясын Донецк жана Луганск облустарынын сүрүп чыгууга ыкылас койгонун белгилеген.

Аскердик активдүүлүктү кыскартуу жөнүндөгү билдирүү украин тарап Киев алдындагы контрчабуулу ийгиликтүү болгонун жарыялагандан кийин болуп жатат.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин эле Киевге сокку ура баштаган. Бир катар батыш басылмалары жашыруун булактарына таянуу менен америкалык чалгын украин борбору бир нече күн ичинде Москванын көзөмөлүнө өтөрүнө тынчсызданып жатканын жазышкан. Бирок чабуулду токтотууга мүмкүн болду.

Орусия Чернигов шаарын курчоого алганын билдирген, бирок көз карандысыз булактар бул чындыкка дал келбей турганын айтышкан.

29-мартка карата Москва Донбасста гана аскердик активдүүлүгүн улантты. Анын ичинде жикчилдер менен бирге стратегиялык маанилүү порт болгон Мариуполь шаарына сокку урууну да токтоткон жок. Согушка чейин калаада 430 миң киши жашаган.

XS
SM
MD
LG