“Озоди” радиосунун өз булактары кабарлагандай, Тажикстан жарандарына “Бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандар 200 миң рубль айып пул төлөп, же алты айдан беш жылга чейин эркинен ажартылышы мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза полициячылардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян келтирилбегенин аныктаган.
17-февралда 21 жаштагы Саидакрам менен 18 жаштагы Умар «Тульская» станциясында полициячыларга кол салышканы кабарланган. Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитети кармалгандардын бири тек-жайын тактоо үчүн полиция бөлмөсүнө баруудан баш тартканын жана полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнүн, экинчиси полициячыларга атайлап кол көтөргөнүн билдирген.
Айыпталуучулар болсо коргонууга гана аргасыз болушканын айтышкан. Бир туугандардын атасы Расулжон Чориев өткөн аптада уулдарын алыстан көргөнүн, дени сак, сергек көрүнүшкөнүн кабарлады. Чориев сот ыйгарым укуктарынан аша чаап, уулунун сынган колун ого бетер сындырган полициячыларга укуктук баа бериши керек деп эсептейт.
“Тергөө уланууда. Соттук отурум апрелге белгиленди”, - деп кошумчалады кармалган мигранттардын атасы.
Тажикстан элчилиги ага-инини коргоо үчүн адвокат жалдап берген, тажик мигранттары дагы эки адвокаттын кызмат акысын төлөшкөн.