Ссылки доступа

Таласта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган фермерлер акцияга чыкты


29-мартта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган элүү чакты таластык фермер нааразычылык акциясына чыкты. Алар менен президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков жолукту.

Фермерлер учурда бир литр сүттү 30 сомдон өткөрүп жатканын, бирок азык түлүктүн баасы көтөрүлгөнүн билдиришти.

Президенттин облустагы өкүлү элдик комиссия менен сүттүн баасын жана сапатын текшерүү керек экенин, ортомчуларды азайтуу максатында бардык райондорго сүт ташыган унааларды алуу зарылдыгын айткан.

Талас облусунда жеке менчик алты сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG