Ссылки доступа

Дарига Назарбаеванын Лондондогу хансарайы 11 миллион 800 миң долларга сатылууда


Лондондогу Дарига Назарбаевга таандык делген хансарай
Лондондогу Дарига Назарбаевга таандык делген хансарай

Казакстандын мурдагы президентинин кызы Дарига Назарбаева эки жыл мурун британ сотунда сактап калган кымбат баалуу кыймылсыз мүлкүн сатыкка койду.

Лондондун кадыр-барктуу районундагы төрт конок , жети уктоочу жана алты жууна турган бөлмөсү бар хансарай жеке риелтордук компаниянын базасында пайда болду. Сатык жөнүндө жарыя интерьердин фотогалереясы, деталдуу планировка жана 3D-видеоэкскурсия менен коштолгон.

Эмереги алтын жалатылган, тепкичтери кымбат жыгачтан, түштөнө турган зонасы айнек менен чатырланган, бассейини менен бильярды бар хансарай – 765 чарчы метр. Төрт деңгээлдеги үй 9 миллион фунтка (11 миллион 800 миң долларга) сатылууда. Дарига Назарбаева менен байланышы бар компания бул үйдү 2008-жылы мындан 300 миң фунтка жогору баада сатып алган.

Кыймылсыз мүлктүн түпкү ээси мурдагы президенттин кызы экени 2020-жылы белгилүү болгон. Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCА) дал ушул хансарай менен кошо дагы эки объектини камакка алган. Анда ал хансарайлар Нурсултан Назарбавдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарына” сатылып алынганы маалымдалган. Кийин Лондондун Жогорку соту Назарбаевдердин мүлктөрү ыплас акчаларды адалдоо үчүн колдонулган деген тергөөнүн аргументтерин “ишеничтүү эмес” деп тапкан жана ишти токтоткон.

Денвуд-роуддогу хансарай качан сатыкка коюлганы жана себеби – белгисиз. Назарбаева мурдагыдай эле ага ээлик кылар-кылбасы да беймаалым.

Назарбаева кандуу январь окуяларынан кийин элге көрүнө элек. Тополоңдон кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган. Февралдын аягында ал парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартканын жарыялаган.

Бул арада февралда британ парламентинде жемкор “казак клептократтарына” каршы санкция салуу маселеси көтөрүлгөн. Парламент мүчөсү Маргарет Хожд 28 киши, анын ичинде Дарига Назарбаева элден уурдаган каражаттын эсебинен байыганын билдирген.

XS
SM
MD
LG