Ссылки доступа

Өзбекстандын ТИМ башчысы дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти


Акыркы он күндөн бери Ташкенттеги Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов дарылануусун улантуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

"Жакшылап медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгына байланыштуу дарыгерлердин сунушу менен Абулазиз Камилов учурда чет өлкөдө дарыланып жатат", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ТИМдин расмий билдирүүсүндө министр кайсы ооруканада экени айтылган эмес. Камилов акыркы жолу коомчулук алдына 17-мартта чыккан. Анда ал Олий Мажлис Сенатынын 24-пленардык жыйынына катышып, Өзбекстандын Украина боюнча позициясын айткан.

"Өзбекстан Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Биз Луганск жана Донецк элдик республикаларын тааныган жокпуз" – деген министр.

Анда саясат талдоочулар бул билдирүүнү Орусия Украинага согуш жарыялагандан бир нече жума өткөндөн кийин айтылган олуттуу жана "тайманбас" позиция деп баалашкан.

25-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефондо сүйлөшкөн. Анда өзбек президентинин басма сөз кызматы Мирзиёев Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалда Ташкент нейтралдуу позицияда экенин айтканын билдирген.

2-мартта БУУнун Башкы Ассамблеясында Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган резолюция кабыл алынган. Анда БУУга мүчө 193 өлкөнүн 141и ал документти колдосо, Орусия, Беларус, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы добуш берген. Дагы 35 өлкө, анын ичинде Өзбекстан калыс позицияда экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG