29-март күнү кечинде Польшанын Катовица шаарынан Алматыга дагы 53 жаран келди. Бул 1-марттан бери казак бийлиги уюштурган жетинчи жана акыркы эвакуациялык каттамы болуп калды.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, согуш башталгандан бери Украинадан жалпысынан 900 казак жараны эвакуацияланып, алардын 743ү мекенине жеткирилди.
"Бүгүнкү күнгө карата атайын уюштурулган каттамдар менен жарандарды эвакуациялоо иши аяктады. Курчоодо калган калктуу конуштардагы жана Украинадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын кайрылуулары индивидуалдык негизде каралат", - деп жазылган Украинадагы казак элчилигинин билдирүүсүндө.
Азырынча Украинада Казакстандын дагы канча жараны калганы боюнча так маалымат жок. Казак ТИМи 16-мартта курчоодо калган Мариуполь шаарында 18 казакстандык калганын, калаада электр жарыгы жок болгондуктан, алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын билдирген.