Ссылки доступа

Тажикстанда өзбек жарандарынын каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн


Тажикстанда өзбек жарандарынын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартуу пландалууда. Эки өлкө ортосундагы макулдашууга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү тажик парламентинин төмөнкү палатасы 28-мартта жактырды.

Тажик жана өзбек өкмөттөрү 2018-жылы мартта кол койгон макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин чек арасынан өткөндөн кийин үч күндүн ичинде убактылуу каттоого турууга милдеттүү болчу. Мындан тышкары алар коңшу өлкөнүн аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат.

Быйыл марттын ортосунда Өзбекстан менен Тажикстан чек араларын толук ачышкан. Өзбек тарап чек арадан өтүүнү каалаган тажик жарандарынан коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн ырастаган документти же акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгын талап кылууда.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG