Ссылки доступа

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлдү


Кыргызстандын Министрлер кабинети "калкты эң зарыл товарлар менен камсыздоо жана азык-түлүк рыногундагы кырдаалды турукташтыруу" максатында атайын кеңеш түздү.

Аны Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жетектеп, курамына министрлер, бир катар банктардын жетекчилери, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчилери, ишкерлер кирди.

Расмий маалыматка караганда, кеңештин милдеттерине айылдык товар өндүрүүчүлөрдү коргоо боюнча эффективдүү чараларды иштеп чыгуу, анын ичинде айыл чарба чийки заттардын экспортун жана импортун жөнгө салуу, айыл чарба продукциясын жана азык-түлүк сатууну, ошондой эле азык-түлүктүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу кирет. Кеңештин мүчөлөрү ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн, чийки затты жана азык-түлүктү өндүрүүчүлөргө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен экономикалык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизүүсү керек. Алыскы жана тоолуу аймактардын азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулары белгиленген.

24-февралда Орусия Украинага кол салган күндөн тартып Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кетти.

24-мартта кыргыз өкмөтү кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкканы маалым болгон. Анын биринчи пункту катары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлгөн. Экономика жана коммерция министрлигинин эсептөөсүндө, бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынат.

XS
SM
MD
LG