Ссылки доступа

Мамытов Матвиенко менен жолугушууда мигранттар жана жүк ташуу маселесин көтөрдү


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 29-мартта Казакстандын Алматы шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумунун алкагында Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту.

Парламенттин басма сөз кызматы анда тараптар өз ара алака-катыш, кызматташууну талкуулаганын билдирди.

"Евразия экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жөнүндөгү келишимде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү так белгиленгенин айткан Талант Мамытов кыргыз жарандарына карата миграциялык талаптарды жеңилдетүүнү өтүндү. Муну менен катар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен кыргыз жарандары үчүн кезектеги "миграциялык амнистияны" өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга чакырды", деп айтылат маалыматта.

Талант Мамытов ошондой эле унаа жана темир жол каттамдарына да киргизилген чектөөлөрдү алуу маселесин көтөргөн.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Матвиенко "бул маселелер орус өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлөт", деп айтканын билдирди.

Мунун алдында кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен Казакстандын чек арасынан товар алып өтүү соңку күндөрү кыйындап, чоң түйшүккө айланганын айтып чыгышкан.

Социалдык тармактарда казак-орус чек арасындагы "Маштаково" бажы бекетинин жанында кыргызстандык жүк ташыган машинелердин каз-катар бир канча чакырымга созулуп тизилип турганы, жүктөрдү түшүртүп, кайра жүктөтүп жатканы тартылган видеолор тараган.

Мамытов менен Матвиенко өткөн айда Москвада жолуккан. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргызстандык жарандар тууралуу сөз кылган.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия 74 миң кыргызстандык жаранды "кара тизмеге" киргизип, өлкөгө кирүүгө тыюу салганын билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын расмий саны бир миллондон ашты.

XS
SM
MD
LG