— Жыл башынан бери Казакстанга 6,3 миң орусиялык жумуш сапары менен келди. Өткөн жылы Орусиядан Казакстанга 18 800 киши келген. Тактап айтканда, азыр орусиялыктардын биздин өлкөгө жапырт агымы жок. Бүгүнкү күндө Чек ара кызматы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте Казакстанга киргендер менен чыккандардын санына көз салып жатабыз, — деди Биржанов.
Министрдин орун басары Орусиядан Казакстанга негизинен консалтинг жана IT тармактарындагы адистер келип жатканын кошумчалады.
Украинада согуш башталгандан бери Орусиядан оң миңдеген адам чыгып кетти. "Би-Би-Синин" маалыматына караганда, орус жарандары белгисиздиктен, башталып жаткан экономикалык каатчылыктан жана согушту баштаган өлкө менен байланышууну каалабагандыктан башка мамлекеттерге кетүүдө.