Ссылки доступа

Тажикстанда өз жанын кыйган жаш жубайлардын өлүмү иликтенүүдө


Шарифбек Зиёев менен Гулхавас Шоеванын үйлөнүү тою. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт
Шарифбек Зиёев менен Гулхавас Шоеванын үйлөнүү тою. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт

Тажикстандын Хатлон облусунда жаш жубайлардын табышмактуу өлүмү иликтенип жатат. 27-март күнү эртең менен Вахш районундагы Якатут айылында үч күн мурда баш кошкон Шарифбек Зиёев менен Гулхавас Шоева асынып алган жеринен табылган.

Маркум Шарифбектин бир тууганы Сафархужа Зиёев жаш жубайлардын сөөгү сарайдан табылганын билдирди.

"Ал күнү эртең менен алар бөлмөсүнөн көпкө чыгышкан жок. Биз дагы деле уктап жатышса керек деп ойлогонбуз. Бир канча убакыттан кийин Шарифбек менен Гулхавастын сөөгү асылып турган жеринен табылды", - деди ал.

Вахш райондук прокуратурасынан бул факты боюнча кылмыш иши козголбогонун, бирок тергөө иштери башталганын билдиришти.

"Адатта кылмыш иши бардык экспертизалар аяктап, күбөлөр суралгандан кийин козголот. Бир караганда бул учур суицидге окшоп турат, бирок аны суицид деп табуу үчүн азырынча далилдер жетишсиз болууда", - деди мекеменин өкүлү.

Маркум Гулхавастын атасы Махмадзохир Шоев жаш жубайлардын уктоочу бөлмөсүнөн өлүм алдында жазылган кат табылганын билдирди. "Прокуратурадан мага ал каттын көчүрмөсүн көрсөтүштү. Анда "бизди кечиргиле, мындан ары жашагыбыз келбейт, өз жаныбызды кыюуну чечтик" деп гана жазылыптыр. Шарифбектин туугандары анын кол жазмасын таанышыптыр", - деди Шоев.

Прокуратурадан өлүм алдында жазылды делген кат психологиялык жана лингвистикалык экспертизага жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

26 жаштагы Шарифбек Зиёев менен 17 жаштагы Гулхавас Шоева быйыл 24-мартта баш кошушкан. Алар буга чейин тааныш эмес болчу, ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүшкөн.

XS
SM
MD
LG