Ссылки доступа

АКШ мамкатчысынын орун басары: Орусия Украинада "10 миңден ашык аскерин жоготту"


Вашингтондун маалыматына ылайык, бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан Украинадагы согушта 10 миңден ашык орус аскери каза болду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд "Настоящее время" телеканалына берген маегинде билдирди.

Өз сөзүндө Нуланд Орусия Украинага басып киргенден бери "чоң жоготууга" учурап жатканын айтып, "орусиялыктар украин армиясынын бекем күчүн ушул күнгө чейин толук сезе албаганын" белгиледи.

Москва өз аскерлеринин арасындагы жоготуулар тууралуу эки гана жолу расмий маалымат берген. 2-марта Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскери курман болгонун билдирсе, үч жумадан ашык убакыттан кийин алардын саны 1351ге жеткенин кабарлаган.

Бирок Москванын көрсөткүчү Батыш өлкөлөрү менен Украина айткан сандардан кыйла аз болууда. Украин бийлиги 17 миңдей орус аскери мерт болгонун кабарлап келет.

Азырынча бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Нуланд АКШ 29-мартта Стамбулда өткөн Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнү кубаттарын, бирок ок атышуу токтомоюнча, олуттуу диалог тууралуу айтуу эрте экенин кошумчалады.

Орус-украин делегациясынын өкүлдөрү Стамбулдагы сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылышкан. 30-мартта Кремль Украинанын өз сунуштарын бергени оң көрүнүш деп баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

29-мартта украин президенти Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG