Ссылки доступа

Чымкентте январь окуялары боюнча кармалган активисттердин камактагы мөөнөтү узартылды


Чымкент шаарындагы сот январь окуяларына байланыштуу кармалган активисттер Ергали Кулбаевдин, Жанмурат Аштаевдин, Ляззат Досмамбетованын, Кайрат Султанбектин жана Молдабай Садибековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу 31-мартта айыпталуучулардын жакындары билдиришти.

Өкүмгө ылайык, айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен сотко Чымкент шаарынын атайын прокурору кайрылып, жүйө катары "тергөө иштери аяктай электигин" жана "шектүүлөрдүн күнөөсү боюнча тыянак чыгарылбаганын" айткан.

— Бүгүнкү күнгө карата тагылган айыптарды далилдеген бир да аргумент көрсөтүлгөн жок. Жанмурат камактагы мөөнөтүнүн узартылышына каршы. Ал негизсиз камакта отурганына капаланып жатат", — деди Жанмурат Аштаевдин жубайы Мольдир Нуранова.

Чымкентте январь окуяларына байланыштуу бери дегенде эле жети активистке каршы кылмыш иши козголгон. Алардын бешөө Ергали Кулбаев, Кайрат Султанбек, Ляззат Досмамбетова, Жанмурат Аштаев жана Молдабай Садибеков тергөө абагында камакта калууда.

Чымкентте жапырт нааразылык акциясы 4-январда тынч башталып, 5-6-январь күндөрү аянтта ок атылган. 11-январда Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы ал күндөрү 120дан ашык киши ооруканага кайрылганын билдирген. 4-февралда алардын 73ү октон жаракат алганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда январдын башындагы нааразылык акциялар маалында кеминде 230 киши өлгөн. Алардын 19у Чымкентте каза болгон.

Январь окуяларына байланыштуу Чымкент шаарында жалпысынан 86 киши камакка алынган. Алардын айрымдарынын иштери боюнча соттук териштирүүлөр аяктап, 11-мартта "соода үйүнөн азык-түлүк уурдоо" айыбы менен төрт киши соттолгон.

Мындан тышкары январь окуяларына байланыштуу Алматы шаарында 80ден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бери дегенде жети киши абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG