Ссылки доступа

Рамзан Кадыров бир жылдын ичинде БАЭге 14 жолу учуп барып, виллада эс алган


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров акыркы бир жылдын ичинде Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 14 жолу учуп барып, жеке виллада эс алган.

Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы учактардын кыймылына мониторинг кылган сервистердин жана Кадыровдун айланасындагы адамдардын соцтармактардагы маалыматтарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Чеченстандын башчысы эс алган вилла жасалма жол менен курулган Палм-Жумейра аралында жайгашкан. Анын бир суткалык ижара акысы 3 миң долларга жакын сумманы түзөт.

Рамзан Кадыров азырынча бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Буга чейин орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын командасы аталган аралда Украинанын "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймагынын мурдагы башчысы, азыр Мамлекеттик думанын депутаты болуп турган Александр Бородай сатып алган апартаменттер бар экенин, алардын баасы 450 миң еврону түзөрүн билдирген. Бородай бул маалыматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG