Ссылки доступа

AI: Өзбекстан сөз эркиндигин чектеген өлкөлөрдүн катарында калды


Өзбекстан эркин пикир билдирүү, тынч жыйын өткөрүү жана ассоциацияларга биригүүгө катуу чектөө койгон өлкөлөрдүн катарында калды. Бул тууралуу Amnesty International уюмунун 2021-жылга карата жарыялаган баяндамасында айтылат.

Баяндамада мажбурлап иштетүү жана кыйноого бөгөт коюуда бир бир катар жылыш болгону белгиленген. Ошого карабай Өзбекстанда кыйноо уланууда.

Баяндамада кеминде 2000ден кем эмес киши диний себептерден улам түрмөдө отурганы айтылат.

Билдирүүдө жаңы Кылмыш кодексине "президентке акарат келтирүү" үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган берене киргизилгени белгиленген. Укук коргоочулардын пикиринде, бул берене көз карандысыз журналисттерди жана блогерлерди куугунтуктоо үчүн колдонулушу ыктымал.

Эл аралык ЖМКлар сөз эркиндиги боюнча абал начарлаганын кабарлашууда.

Amnesty International уюмунун баяндамасында көптөгөн чакырыктарга карабай, "кумсалык" Өзбекстандын Кылмыш кодексинде мурдагыдай эле кылмыш бойдон калганы айтылган.

Өзбекстан Ички иштер министрлиги ушул тапта түрмөлөрдө 49 киши кумсалык айыбы менен жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG