Ссылки доступа

Алматы аэропортуна жана полиция имаратына чабуул жасоого шектелген киши кармалды


Полиция январь окуялары учурунда Алматы аэропорту менен полиция имаратына чабуул жасоого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин Транспорт полиция департаментинин башчысы Онал Бекиев билдирди.

Бекиевдин маалыматына караганда, шектүү 24 жаштагы алматылык жаран.

Тергөөнүн версиясы боюнча 5-январда шектүү башаламандыктын башка катышуучулары менен бирге курал-жарак дүкөнүнөн курал уурдап, Алматы аэропортуна чабуул жасаган. Андан соң шериктери менен бирге Алматы шаардык полиция департаментине барып, митингчилер менен бирге имаратты таңкы 6га чейин курчап турган.

“Андан соң ал уурдалган куралды белгисиз кишиге 40 миң теңгеге саткан, – деди Бекиев.

Шектүү камакка алынды.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

XS
SM
MD
LG