Ссылки доступа

Түркмөнстанда быйыл декабрда эл каттоо жүрөт


Түркмөнстанда эл жана турак-жай фондун каттоо быйыл 17-27-декабрь аралыгында өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик басылмаларга шилтеме жасоо менен “Түркмөнстан хроникасы” билдирди.

Маалыматка караганда, эл каттоо өлкөнүн демографиялык белгилерин; жарандардын экономикалык абалын, анын ичинде алардын киреше булагын, жумуш менен камсыздалышынын деңгээлин, билим деңгээлин; улутун, эне тилин; турак-жай жана башка көрсөткүчтөрүн аныктоого багытталган.

Түркмөнстанда акыркы жолу эл каттоо 20212-жылы жүргүзүлгөн, бирок анын жыйынтыктары жарыяланган эмес.

2015-жылы “Түркмөнстан Хроникасы” басылмасы өз булактарына таянуу менен 2012-жылга карата өлкөдө 4.751.120 киши жашаганын жазган. Анын ичинде 85,6 пайызын түркмөндөр, 5,8 пайызын өзбектер, 5,1 пайызын орустар жана башка улуттар түзгөн.

“Азаттык” 2019-жылы Түркмөнстан Статистика комитетинин жабык иликтөөсүнө таянуу менен 2008-2018-жылдар аралыгында өлкөдөн 1 миллион 900 миң киши чыгып кеткени аныкталганын кабарлаган.

Видео

XS
SM
MD
LG