Ссылки доступа

Абдулазиз Камилов Өзбекстан ТИМине кайтып келбей калышы мүмкүн


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өкмөттөгү ишине кайтып келбей калышы мүмкүн. “Оздоликтин” өз булактары 74 жаштагы министрдин отставкасын анын саламаттыгына эмес, 17-мартта Өзбекстан Сенатында Украинадагы абал боюнча жасаган билдирүүсүнө байланыштырышууда.

Камилов өзбек парламентинин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаган.

"Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк "элдик республикаларын” тааныбайбыз", - деп айткан Камилов.

Ал ошондой эле өзбек өкмөтү Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялардын таасирин алдын алуу аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.

“Оздоликтин” өз булагы министрдин билдирүүсү президенттин администрациясы менен макулдашылганын белгилейт.

– Ал 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Украинага карата Өзбекстандын позициясына үндөш болгон, – деди өз булак

Бирок орус тарап Камиловдун билдирүүсүн “өтө оор” кабыл алган жана Кремлдин нааразылыгы Ташкенттеги “жаңжалдын себеби” болгон. Өз булак бул окуядан кийин Абдулазиз Камилов отставка жөнүндө арыз жазууга мажбур болгонун айтат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министринин атын атагысы келбеген кызматкери Абдулазиз Камиловдун ыктымал отставкасы жөнүндө маалыматты четке какты.

“Министрди бир апта мурун көргөм, ооруп тургандай көрүнгөн”, - деди ал.

Мурдараак Абдулазиз Камилов Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондон эки күн өткөндөн кийин ооруканага түшүп калганы, жакында дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Телеграм аркылуу билдирген. Маалыматка ылайык, Камилов акыркы он күндөн бери "өнөкөт оорусуна байланыштуу" Ташкенттеги Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.

Бирок расмий маалыматта Камиловдун кандай илдети бар экени же кайсы өлкөдө дарыланып жатканы так айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG