Ссылки доступа

Жапония Куриль аралдарын Орусия оккупациялаган аймак деп атайт


Токио Куриль аралдарын расмий түрдө “Мыйзамсыз оккупациядагы Жапониянын түпкүлүктүү аймагы” деп атайт.

Бул туюндурма өлкөнүн тышкы саясаты жөнүндөгү өкмөттүк “Дипломатия боюнча көп китеп” берүүсүнүн черновигинде айтылат. Бул тууралуу "Киодо Цусин" агенттиги билдирди.

Жапония менен Орусия Куриль аймагындагы төрт арал – Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи боюнча араздашып келет. Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда аларды Советтер Союзу аннексиялап алган, жапондор аймактан чыгарылган. 1956-жылы Москва менен Токио аскердик аракеттер токтогону жөнүндө декларацияга кол койгон, бирок тынчтык келишим ошол бойдон түзүлгөн эмес.

2003-жылга чейин жапон дипломатиясы аралдарды расмий түрдө “мыйзамсыз оккупацияланган”, ал эми 2012-жылга чейин “түпкүлүктүү жерлер” деп атаган. 2012-жылдан бери жапон өкмөтү Орусияга менен компромисске келүүгө ниеттенип, мындай туюундурманы колдонуудан оолак болгон.

Жапония аралдар жөнүндөгү 1956-жылдагы декларацияга кайтып келүүгө даяр. Анда СССР тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Жапонияга Хабомаи менен Шикотан аралдарын кайтырып берери айтылган. 2019-жылы Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Куриль аралдары жөнүндө маселеге чекит коюуга убада берген. Бирок андан берки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Марттын башында Жапония ТИМ башчысы Ёсимаса Хаяси парламентте сөз сүйлөп жатып, бул аймактарды “түбү жапондуку” деп атаган. Кийин өзүнчө маалымат жыйынында алар “мыйзамсыз оккупацияланганын” айткан. Мындан соң Москва тынч сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

XS
SM
MD
LG