Ссылки доступа

Казакстандын эмгек министри жаңы өзөндүктөрдүн талаптарына жооп кайтарды


Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Серик Шапкенов Жаңы-Өзөндө жумуш талап кылып, бийликтин кысымына кабылгандан кийин нааразылыкты токтотууга мажбур болгон тургундардын талаптары боюнча пикирин билдирди.

Министр мунай-газ тармагында жумуш сураган жаңы өзөндүктөрдүн талабын орундатуу мүмкүн эместигин ишаара кылды.

"Мурда кабыл алынган алгоритм боюнча эгер [мунай-газ тармагында жумуш иштеген] жумушчулар пенсияга чыкса, жумушсуздар тизмесинде турган кийинки адам ал орунду алат. Комиссиянын пикиринде, бул тизмени бузуп, аларды (нарааразылыкка чыккандарды - ред.) жумушка орноштуруу мүмкүн эмес. Бул калган жарандардын укугун чектейт. Мунай-газ компанияларынын штаты бар, андан ашуу мүмкүн эмес. Ошондуктан орун бошогон кезде гана жумушка орношууга болот" – деди министр.

Министрдин айтымында, бийлик мурда жаңы өзөндүктөргө 150-200 миң теңге маянасы бар жумуштарды сунуштаган. Алардын арасында күзөт кызматы, мунай-газ компанияларына сервистик кызмат көрсөткөн ишканалардагы жумуштар болгон. Акимчилик жаңы түзүлгөн комиссиянын көмөгү менен 150 адамды ишке орноштурууга мүмкүн болгонун белгилейт.

Жаңы-Өзөн акимчилигинин алдында эки айдай нааразылыкка чыгып, жумуш талап кылган шаар тургундары кысымга кабылгандан кийин акцияны токтотууга мажбур болушканын айтышкан. Ондогон адам полицияга “профилактикалык сүйлөшүүлөргө” чакырылган.

XS
SM
MD
LG