Ссылки доступа

Тажикстанда 24 адам кыйноо кабылганына даттанды


Тажикстандагы Кыйноого каршы коалиция 2021-жылы 24 киши аларга же туугандарына карата кыйноо же катаал мамиле жасалганы боюнча даттанганын кабарлады. Арыздангандардын арасында беш аял бар.

Укук коргоочулардын пикиринде, кыйноо же катаал мамиле жасоо учурлары кармоо же тергөө жүргүзүү маалында болгон. Кылмышты моюнга алдыруу үчүн уруп-согуу, электр тогу менен кыйноо, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуу ыкмалары колдонулган.

Кыйноого каршы коалиция Тажикстан өкмөтүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы даттанган учурлардын баарын кылдат карап чыгууга, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөдү. Укук коргоочулар кыйноого кабылгандарга компенсация төлөнүп берилиши керек деп эсептешет.

Коалиция кыйноо учурларын иликтөө үчүн убактылуу тергөө изоляторлоруна жана башка жабык жайларга көз карандысыз мониторинг топторун тез арада киргизүү зарыл деп эсептейт.

«Бийлик кыска мөөнөттө Кыйноого каршы конвенциянын Факультативдик протоколун ратификациялоого тийиш», - деп белгилеген коалиция.

Тажикстан мыйзамдарына ылайык, сурак учурунда мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу оор кылмыш болуп эсептелет жана бул үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тажикстанда Кыйноого каршы коалицияга 20дан ашуун эл аралык уюдар кирет.

XS
SM
MD
LG