Ссылки доступа

Укук коргоочулар: Гүлнара Каримованын акчасын Өзбекстанга кайтаруу жараяны ачык жүрөн жок


29-мартта Transparency International уюмунун орус бөлүмү Гүлнара Каримованын каражатын Өзбекстанга кайтаруу жараяны ачык жүрбөй жатканын маалымдады.

Баяндамада Өзбекстан өкмөтүн жарандык коом менен тыгыз кызматташуу чакырыгы камтылган.

Укук коргоочулардын пикиринде, бул ачык-айкындуулукту жана коррупцияга бөгөт коюуну камсыздайт.

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын АКШ жана Швейцарияда тоңдурулган 1,3 миллиард долларын кайтаруу жараяны башталган.

Өзбекстан менен Швейцария ортосунда кол коюлган меморандумда каражатты кайратуу жарандык коомдун катышуусунда ишке ашары белгиленген.

Укук коргоочулардын пикиринде, меморандумдун бул бөлүгүнүн аткарылышы күмөндүү. Сүйлөшүү жана каражат кайтаруу жашыруун жүрүүдө.

15-февралда Өзбекстандын Юстиция министрлиги Франция Гүлнара Каримовага таандык 10 миллион доллар каражатты Ташкентке кайтарып бергенин кабарлаган. Дагы 131 миллион долларлык актив Өзбекстанга кайтарууга даяр экени айтылган.

Укук коргоочулардын билдирүүсүндө кайтарылган акча өзбек элинин кызыкчылыгына жумшалышы керек экени белгиленген.

Ташкент шаардык соту 2020-жылы мартта Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Ал "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ыксыз сарптоо", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айып коюлган. Каримова 2019-жылдан бери Ташкент облусундагы аялдардын №21 абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG