Sukhoi Superjet 100 үч миң чакырымдан алыс аралыкка уча албайт. Мындай учактар менен Москвадан Ташкентке түз каттамдарды аткаруу мүмкүн эмес.
Адистердин айтымында, орус авиакомпаниялары дал ушул себептен улам Өзбекстанга каттамдарды аткарууда өлкөнүн түштүк аймагындагы шаарларын тандап жатышат.
28-мартта "Азимут" авиакомпаниясы Краснодар, Ростов-на-Дону жана Минеральные Воды шаарларынан Өзбекстандын Самарканд жана Ургенч шаарларына туруктуу аба каттамдарын аткарууга уруксат алганын жарыялады. Маалыматка ылайык, каттамдар "Ростов-на-Дону – Самарканд – Ростов-на-Дону", "Ростов-на-Дону – Ургенч – Ростов-на-Дону", "Краснодар – Ургенч – Краснодар" жана "Минеральные Воды – Ургенч – Минеральные Воды" багыттары боюнча Sukhoi Superjet 100 учактары менен аткарылат. Азырынча учуулар качан башталары жөнүндө так маалымат жок.
29-мартта Орусиянын Redwings аттуу дагы бир авиакомпаниясы Махачкала шаарынан Ташкентке туруктуу каттамдарды аткара баштады. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча да Sukhoi Superjet 100 учактары пайдаланылат.
Мурдараак Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы Sukhoi Superjet 100 учактары менен Сочиден Ургенч, Бухара, Самарканд жана Фергана шаарларына түз аба каттамдарын ачканын жарыялаган.
Буга чейин орусиялык авиакомпаниялар Өзбекстандын шаарларына каттамдарды Boeing жана Airbus учактары менен аткарып келишкен. Марттын башында санкциялардан улам америкалык Boeing жана европалык Airbus компаниялары орусиялык авиакомпанияларды колдоо боюнча кызмат көрсөтүүсүн жана Орусияга учак тетиктерин жеткирүүнү токтотконун билдирген.
Орусиянын авиапаркынын көпчүлүк бөлүгүн аталган эки компаниянын учактары түзөт. Орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар эми ээлерин кайтарылып берилиши керек. Ошондой эле аларды жүргүнчү ташуу үчүн колдонууга болбойт.
Федералдык аба транспорту агенттигинин (Росавиация) маалыматына караганда, Орусиядагы 980 учактын 750сү чет өлкөлүк компанияларга таандык. Батыштын санкцияларынан улам "Аэрофлот", S7 жана Smartavia сыяктуу орус авиакомпаниялары эл аралык каттамдарын токтотконун жарыялашкан.
Марттын ортосунда Росавиация авиакомпанияларга Орусияда өндүрүлгөн учактарды, анын ичинде Sukhoi Superjet учактарын колдонууну сунуштаган. Бул учактар 3 миң чакырымдан алыс аралыкка уча алышпайт жана 98 гана жүргүнчүнү ташууга ылайыкташкан.
"Аэрофлот" авиакомпаниясы Сочиден 17 багыт боюнча, анын ичинде Израилдин, Түркиянын, Казакстандын, Армениянын, Египеттин жана Өзбекстандын шаарларына каттамдарды ачууну пландап жатат. Бардык учуулар Sukhoi Superjet 100 учактары менен аткарылат.
Sukhoi Superjet-100 – СССР тарагандан кийин Орусияда иштелип чыккан алгачкы жүргүнчү ташуучу учак. Ал асманга алгачкы жолу 2008-жылы май айында көтөрүлүп, коммерциялык колдонууга 2011-жылы чыгарылган.