Ссылки доступа

HRW кыргыз бийлигин эркин медиага басым жасоону токтотууга чакырды


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү жасады. Анда акыркы айларда кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылат.

Буга байланыштуу Next TV телеканалы, Кактус.медиа сайты жана иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун айланасындагы окуялар, кылмыш иштеринин козголушу, камакка алуу, тинтүү учурлары белгиленген.

“Кыргыз бийликтери сөз эркиндигин коргоп жатканын айтып келишет, бирок сын айткандарды, эркин жалпыга маалымдоо каражаттарын кылмыш иштери, жалган айып менен басууга аракет кылып жатат”, -деди уюмдун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева.

Мунун алдында милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктай электигин билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы боюнча өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Анда 29-марттагы отурумунда сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган эмес.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG