Ссылки доступа

Тажикстанда азык-түлүк баалары бир аз төмөндөдү


БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Тажикстандагы кеңсеси өлкөдө азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасы марттын башындагыга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөнүн билдирди.

Уюмдун 30-мартта жарыяланган ар айлык баяндамасына ылайык, Тажикстанда өсүмдүк майы айдын башындагына караганда 2% арзандады. 1 килограмм картошка менен сабиздин баасы 5% төмөндөсө, кумшекер 1% арзандаган.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда 1 килограмм картошка 4 сомони, сабиз 2,4 сомони турат. Бир литр өсүмдүк майынын орточо баасы 25,6 сомонини түзөт.

Ошол эле маалда Тажикстандагы баалар февраль айындагыга караганда баары бир жогору бойдон калууда. Алсак, Украинада согуш башталып, Батыш өлкөлөрү Орусияга санкция сала электеги учурга салыштырмалуу өлкөдө ун менен кумшеркер 15-16% кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG