Документте Өзбекстан Мусулмандар башкармалыгынын Рамазан айы 2022-жылы 2-апрелде белгиленери жөнүндө маалыматын эске алуу керектиги айтылат.
Каракалпакстандын Министрлер кеңеши, Ташкент менен облус администрацияларына Дин иштери боюнча комитети менен кызматташууга тапшырма берилди.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Ал 2-майда Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Рамазан айында муфтият зекеттин суммасын да белгилейт. Бул 1,6 килограмм буудай, ун, мейиз же 3,2 килограмм арпа, курма же ушул азыктарга тең акчаны түзөт.