Мекеменин маалыматына караганда, 36 жаштагы Шеров былтыр ноябрда уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен бирге милиция кызматкерлерине кол салган.
"Ал 2021-жылдын 14-ноябрында Хорогдун уюшкан кылмыштуу тобунун Махмадбокир Махмадбокиров, Жамшед Шаъбонов сыяктуу мүчөлөрү менен бирге милиция кызматкерлерине балта менен кол салган. Жыйынтыгында тартип сакчылары жаракат алган. 9-декабрда Шеровго каршы кылмыш иши козголуп, ага расмий издөө жарыяланган", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.
"Озоди" радиосунун кабарчылары менен телефон аркылуу байланышкан Махмадбокир Махмадбокиров өткөн жылдын ноябрында милиция кызматкерлери менен кагылышуу болгонун ырастап, бирок аларда эч кандай балта болбогонун белгиледи.
Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жарандык активисттер Манучехр Шеров адам укуктары үчүн, ошондой эле жергиликтүү күч түзүм кызматкерлеринин өзүмбилемдигине каршы активдүү күрөшүп жүргөнүн билдиришүүдө. Алар Улуттук коопсуздук кызматы менен ИИМдин аймактагы бөлүмдөрүн мыйзамсыз аракеттерге айыптоодо. Тажик бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келишет.