Ссылки доступа

Өзбекстанда зекет менен битир-садаганын быйылкы өлчөмү белгилүү болду


Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва кеңеши быйылкы зекет менен битир-садаганын өлчөмүн жарыялады.

Ага ылайык, битир-садага 2 килограмм буудай (10 миң сум же 0,88 доллар), 4 килограмм арпа (16 миң сум же 1,4 доллар), 2 килограмм мейиз (100 миң сум же 8,7 доллар) жана 4 килограмм курма (160 миң сум же 14,3 доллар) деп белгиленди. Жарандар битир-садаганы мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорудагы азыктардын биринин баасы менен берсе болот.

Мындан тышкары зекеттин өлчөмү 34 миллион сумдан кем эмес деп белгиленди. 34 миллиондон ашык байлыгы бар адам анын кырктан бир бөлүгүн зекет катары берет.

XS
SM
MD
LG