Ссылки доступа

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын шахтасындагы кырсыктан дагы бир адам каза болду


Казакстандын Караганда облусунда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Костенко" атындагы шахтада 36 жаштагы жумушчу каза болду.

Маалыматка караганда, жалданма "Углеспецмонтаж" ишканасынын жумушчусу 2-апрелде таш көмүрдүн катмарында (лава) иштеп жатып, катуу жаракат алып дароо көз жумган. Ишкана окуяны "күтүлбөгөн кырсык" деп атады.

"Атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, бул кырсык иликтене баштады", - деп жазылган ишканынын сайтындагы билдирүүдө.

Быйыл февраль айында "Углеспецмонтаждын" ондон ашык жумушчусу аталган шахтадагы жабдууларды демонтаж кылуу иштерин аткаруудан баш тартышкан.

Бул 2022-жыл башталгандан бери "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык шахтада адам өмүрү кыйылган үчүнчү кырсык болуп калды.

Марттын аягында "Саранск" шахтасында топурак урап, 56 жаштагы шахтачы Талгат Бертагин каза болгон. Өткөн жылы декабрдын аягында "Шахтинск" шахтасында өндүрүштүк жаракат алган жумушчу быйыл январда ооруканада көз жумган.

Былтыр ноябрда "Абай" шахтасындагы алты кишинин өмүрүн алган кырсыктан кийин кенчилер шахталардагы коопсуздук, жабдууларды жаңыртуу жана мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу маселелерин дагы бир жолу көтөрүшкөн.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Казакстанда бүгүнкү күндө 30 миңден ашык шахтачы бар. Алардын 9 миңге жакыны "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын ишканаларында иштейт.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG