Ссылки доступа

Казакстандын атайын кызматы Токаевге кол салууну пландаган киши кармалганын кабарлады


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Нур-Султан шаарында "чет элдик чалгын агенти" кармалганын кабарлады.

Комитеттин сайтындагы маалыматка караганда, атайын операция 25-мартта болгон. Тыңчы Казакстандын жараны экени аныкталды. Ал президент Касым-Жомарт Токаевге жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлерге кол салууну пландаган деп шектелүүдө.

Мындан тышкары ал тиешелүү материалдарды соцтармактарга жарыялоо менен Орусияга каршы пропаганданы жайылтуу жана коомчулукта русофобиялык көз карашты жаратуу менен алектенгени айтылууда.

Мунун баарын бир киши же бир топ жасаганы так белгиленген эмес. Бирок тыңчы делген кишиден снайпердик винтовка, маңзат жана ири суммадагы доллар алынган.

Комитет "Казакстандын жараны жогорудагы иштерди чет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жасаганын мойнуна алганын" белгиледи. Маалыматта ал кайсы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегени айтылган эмес.

Казакстанда кандуу январь окуяларынан кеминде 230 киши өлгөн. Нур-Султан бул үчүн жоопкерчиликти "эл аралык террордук бандаларга" жүктөп, бирок ишенимдүү далил келтире алган эмес.

Бүгүнкү күндө Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси жана үч орун басары "мекенге чыккынчылык жасоо" айыбы менен тергөө абагында отурат.

XS
SM
MD
LG