Ссылки доступа

Кумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат


Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт.

"Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, "Көчмөндөр мурасы" атуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз", - деди Жапаров.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG