Ссылки доступа

Өзбекстанда "Миллий Тикланиш" партиясынын лидери "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүгө каршы чыкты


3-апрелде Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары, "Миллий Тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров "Твиттерге" "Өлбөс полк" – бул "жумшак күчтүн" демонстрациясы жана Советтер Союзунун пропагандалык куралы. Биз мындай демонстрацияга каршыбыз!", – деп жазды.

Муну менен бирге ал Өзбекстандын фашизмди жеңүүдөгү салымын белгиледи. Ал бабалардын сүрөтүн көтөрүп алып шаар аралоо эмес, рухуна дуба кылуу маанилүү экенин айтты.

Өзбекстанда соңку мезгилде Орусиянын элчилиги менен "Россотрудничество" агенттигинин каржылоосундагы "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө кызыкчылык арта баштаган.

Быйыл демилгечил топ Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына 9-майда "Өлбөс полкту" өткөрүү боюнча арыз таштаган. Өзбек бийлиги акцияга уруксат берер-бербеси белгисиз.

XS
SM
MD
LG