Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевдин инисине катышы бар компания жетекчилери камалды


Казакстанда миллиардер, мурдагы президенттин иниси Кайрат Сатыбалдынын көзөмөлүндөгү эки компаниянын жетекчилери мамлекеттик каражатты уурдоо иши боюнча камакка алынды.

Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда Сатыбалды көзөмөлдөгөн компаниялар темир жол тармагында каражат уурдаганы боюнча кошумча фактылар аныкталган.

"Аталган адамдар мамлекеттик орган башчыларынын жардамы менен өлкөнүн шаар куроочу ири ишканаларына кире бериште темир жол тарифтерин негизсиз кымбаттатуу аркылуу көптөгөн миллион пайда тапкан. Мунун кесепетинен элге кызмат көрсөтүү кызматынын баасы өскөн", – деп айтылат маалыматта.

Кайрат Сатыбалды – Казакстандын мурдагы президентинин маркум инисинин уулу. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин катарында болгон.

Үч жыл мурда Сатыбалды Kaspi.kz компаниясындагы өз үлүшүн расмий түрдө саткан. 2018-жылы Люксембургдун офшорунда Сатыбалдынын атына катталган Skyline Investment Company S.A компаниясынын биргелешкен активи 266 млн. долларды түзгөн.

Кайрат Сатыбалды мурда мамлекеттик кызматты да аркалаган. Борбор калаа Нур-Султандын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

Казакстандын антикоррупциялык кызматы 13-мартта "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казахтелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы"боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Кылмышка шектүү катары Кайрат Сатыбалды кармалып, эки айга камалган.

XS
SM
MD
LG