Ссылки доступа

Тажикстанда кыйноого кабылган жаран ИИМден кун талап кылууда


Хасан Ёдгоров
Хасан Ёдгоров

Хасан Ёдгоровдун үй-бүлөсүТажикстан Ички иштер министрлигинен 400 миң сомони (32 миң доллардын тегереги) компенсация талап кылууда. 2017-жылы укук коргоо органдарынын үч кызматкери аны кыйноо аркылуу кылмышты мойнуна алдырууга аракет жасаган.

Укук коргоочу Гүлчехра Холматовнын айтымында, кыйноодон кийин Ёдгоровдун саламаттыгы начарлаган. Бул себептен ал Ички иштер министрлигинен материалдык жана моралдык компенсация талап кылууда. Жабырлануучу Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук сотуна арызданды.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусратулло Махмадзода министрлик азырынча расмий түрдө билдирүү албаганын айтты.

2017-жылы ноябрда Турсунзаде шаарында ижарага алып жашап жүргөн батиринен официант Дмитрий Каримовдун сөөгү табылган. Бул факт боюнча алгач Хасан Ёдгоров аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кийинчерээк официантты Леонид Мальченков аттуу адам өлтүргөнү аныкталып, 2018-жылы ал 21 жылга соттолгон.

Хасандын апасы Шарофат Назрикулованын айтымында, кыйноонун белгилери азыркыга чейин бар.

“Анын тизесине операция жасатуу керек. Эркиндикке чыккандан кийин дем алуусу да кыйындап кетти. Балам тергөөчүлөр аны башка көп жолу урганын айтат. Ал олуттуу түрдө дарыланышы керек”, - деди апасы.

Тажикстандын Жогорку соту былтыр 17-июнда Хасан Ёдгоровду кыйноого алуу айыбы менен үч милиция кызматкери ар түрдүү мөөнөткө соттолгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG